Skip Links

Press release

ЕККУ/ДИАУБ Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчүлөрдүн миссиясын ачат

Дата:
Source:
OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights
Fields of work:
Шайлоолор

БИШКЕК, 16-сентябрь 2011-жыл – Бүгүн Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ) Кыргызстанда 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчүлөрдүн миссиясын ачты.

ДИАУБдун өкүлдөрү, Кыргызстандын ЕККУга мүчө өлкө катары алган милдеттерине байланыштуу, президенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн чакырылды. Корин Джонкер башкарган миссия ар кайсы өлкөдөн келген 14 эксперттен турат жана алар Бишкекте отурукташышат. Ошондой эле бул миссия узак мөөнөткө иштөөчү 28 көзөмөлдөөчүдөн турат. Мындан сырткары, ДИАУБ мүчө өлкөлөрдөн кыска мөөнөттүк 350 көзөмөлдөөчүнү жиберүүнү сурады. Алар шайлоо күнү электоралдык процедураны Жана добуштарды саноону көзөмөлдөшөт.

Миссиянын кызматкерлери шайлоого чейинки иш чараларды, шайлоо-административдик бөлүмдөрдүн жана мамлекттик структуралардын ишин мыйзамга ылайык көзөмөлдөп, шайлоочулардын тизмесин түзүү, массмедианын иш чарасын кароо менен бирге, шайлоого тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүгө көзөмөл жүргүзүшөт.

Кыска мөөнөттүк көзөмөлдөөчүлөр эки кишиден топ-топ болуп бөлүнүп, өлкөнүн бардык региондоруна шайлоо участокторунун ачылышын, добуш берүүнү, добуштарды саноо Жана бардык деңгээлде шайлоонун жыйынтыгын иштеп чыгууну көзөмөлдөшөт.

ДИАУБдун шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчү миссиясы өз ишмердигин ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы жана башка парламенттик делегациялар менен биргеликте жүргүзөт. Вальбурга Хабсбург-Дугласты, ЕККУнун азыркы убактагы башчысы ЕККУнун кыска мөөнөттүк миссиясынын атайын координатору кылып шайлады.

Алдын ала чечим чыгаруу корутундусу шайлоо күнүнүн эртеси жарыяланат.

ДИАУБ шайлоо процессинен эки ай өткөндөн кийин финалдык отчетун чыгарат.

ДИАУБдун шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчү миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги борбору өз ишмердигин өз алдынча, көз карандысыз, мандаттарына карата алып барышат.


Contacts

Lauren Baranowska, OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights

Deputy Spokesperson

OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights

Public Affairs Unit

Ul. Miodowa 10
00-251 Warsaw
Poland

Public Affairs Unit, OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights

OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights

Public Affairs Unit