- Home
- About us
-
Our work
- Elections
- Civil society
- Rule of law
- Democratic governance
- Legislative support
- Freedom of religion or belief
- Freedom of peaceful assembly
- Gender-based violence
- Human rights defenders
- Human rights and new technologies
- Human rights and gender-responsive security sector
- Human rights and anti-terrorism
- Migration and freedom of movement
- National human rights institutions
- Torture
- Trafficking in human beings
- Hate crime
- People with disabilities
- Racism, xenophobia and discrimination
- Roma and Sinti
- Gender equality
- Special meetings
- News
- Events
- Resources
Press release
Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоо эффективдүү өттү, бирок үгүт өнөктүгүнүн чектелүү чөйрөсү коомчулуктун активдүүлүгүн чектеди деп билдиришти.
- Дата:
- Place:
- БИШКЕК
- Source:
- OSCE Office for Democratic Institutions and Human Rights
- Fields of work:
- Шайлоолор
БИШКЕК, 2025-жылдын 1-декабры – Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолор натыйжалуу өттү, бирок чектелүү үгүт чөйрөсү талапкерлердин жана шайлоочулардын катышуусун чектеди, негизги эркиндиктер конституция тарабынан корголгону менен, иш жүзүндө алар барган сайын чектелип, мыйзамдык базага киргизилген акыркы өзгөртүүлөр саясий партиялардын шайлоого катышуусун алсыратты. Эл аралык байкоочулардын бүгүнкү билдирүүсүнө ылайык, коомчулук шайлоо администрациясынын шайлоону даярдоодогу техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ишенимин көрсөткөндүгүнө жана анын ачык-айкындуулукту жогорулатууга аракет кылганына карабастан, бул айрым негизги аспектилерде жетишсиз болгон.
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун (ДИАУБ), ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) жана Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) биргелешкен байкоочулар миссиясы мыйзамдык база шайлоолорду өткөрүү үчүн техникалык негиз түзөрүн, бирок демократиялык шайлоонун бир катар эл аралык стандарттарына туура келбегендигин аныктады. Мындан тышкары, шайлоонун алдында мыйзамдык базага олуттуу өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууга мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу кооптонууну жаратты.
"Бул шайлоолор толугу менен реформаланган система алкагында өттү, ал 2025-жылы бир нече жолу өзгөртүлүп, шайлоо процессинин дээрлик бардык негизги компоненттерине өзгөртүүлөрдү киргизди жана бир катар эл аралык стандарттарга жооп берген жок», — деп билдирди Клод Хааген, Кыска мөөнөттүү байкоо боюнча миссиянын атайын координатору жана жетекчиси. «Мындай масштабдуу реформалардын шайлоо күнүнө жакын кабыл алынгандыгы жана мурунку сунуштардын дээрлик бардыгынын эске алынбашы, бул шайлоонун ачык-айкындуулугуна, туруктуулугуна жана шайлоочулардын толук маалыматка негизденип добуш берүү жөндөмдүүлүгүнө кыйынчылыктарды жаратты. Бул жерде 350дөн ашык парламенттик жана ДИАУБ байкоочулары менен биздин активдүү катышуубуз Кыргызстандын демократиялык жолун колдогонубузду көрсөтүп турат».
Талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн кыска мөөнөтүнөн, ошондой эле коомдук талкуу үчүн мейкиндиктин чектелүүсүнөн жана үгүт иштеринин өтө катаал эрежелеринен улам шайлоочулар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон. Бул өнөктүк жалпысынан анча маанилүү эмес жана саясий активдүүлүк үчүн өч алуу коркунучу менен байланышкан шайлоочулардын чектелген катышуусун жаратты. Шайлоо мыйзамдары бардык талапкерлер үчүн үгүт иштерине бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берет жана жарандарга үгүт иштерине катышууга укук берет, бирок кээ бир атаандаштык иш-чаралар байкалганы менен, талапкерлердин ортосундагы олуттуу финансылык теңсиздиктен улам алар бирдей шартта атаандаша албай калды. Ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу боюнча көптөгөн айыптоолор уланып угулуп жатты.
"Демократия боюнча ЕКПА өнөктөшү болуу бул жөн эле наам эмес, бул үзгүлтүксүз милдеттенме. ЕКПА делегациясы Кыргызстандын ар бир добушун эсептөөдө колдоо көрсөтүү үчүн бул жерде иштеп жатат. Бул шайлоо боюнча биз бүгүн жасап жаткан баалоону ЕКПА кыргыз парламенти менен келечектеги диалогунда эске алат", - деди ПАСЕнин делегация башчысы Георгиос Стаматис. «Жаштар менен аялдардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саясий турмушка маңыздуу катышуусун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Алар Кыргызстанда бирдей шайлоо укуктарына ээ болсо да, иш жүзүндө олуттуу тоскоолдуктар сакталып келет».
Кечээки шайлоодо 4,3 миллиондой шайлоочу добуш берүүгө катталган. Шайлоо органдары техникалык даярдыктарды натыйжалуу жүргүзүштү, ошондой эле шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жана добуш берүү үчүн бардык шайлоо участкаларында колдонулган жаңы электрондук шаймандарды колдонууга шайлоо кызматкерлерин даярдашты. Жаңы жабдуулар жалпысынан оң бааланганы менен, добуш берүүнүн жаңы технологиясына болгон ишенимге ачык-айкындуулуктун жоктугу таасир эткен. Аралыктан добуш берүүнүн жаңы жалпы улуттук варианты шайлоочулардын катышуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берди. Байкоочулар шайлоо күнүнүн өзүн жалпысынан позитивдүү деп баалашты, процедуралар негизинен сакталды, бирок шайлоо участкалары жабылгандан кийин добуштарды саноо жана жыйынтык чыгаруу процедураларын сактоо боюнча кеңири жайылган маселелер байкалды.
Аялдардын саясаттагы өкүлчүлүгүн көбөйтүүдө азыраак көрсөтүлгөн жынастагы талапкерлерге бир округда бирден орундун киргизилиши жагымдуу чара болду. Бул чара мактоого татырлык, бирок ошого карабастан аялдардын маңыздуу катышуусун колдоо үчүн кошумча күч-аракет талап кылынат.
«Бул шайлоолордо гендердик квотанын киргизилиши – аз көрсөтүлгөн гендердик позицияны жакшыртуу жана аялдардын саясий турмушка катышуусун күчөтүү жолундагы жагымдуу жана маанилүү биринчи кадам», - деди ЕККУ ПА делегациясынын башчысы Моника Зайкова. "Маанилүү өкүлчүлүккө туруктуу колдоо, жагымдуу чөйрө жана коомдук турмушка бирдей катышуу аркылуу жетишилет. Биз бийликти бул баштапкы чараларды улантууга жана чыныгы гендердик теңчиликти, ошондой эле бардык топтордун, анын ичинде улуттук азчылыктардын жана майыптыгы бар адамдардын саясий процессте адилеттүү өкүлчүлүгүн өнүктүрүүгө үндөйбүз."
Конституция сөз эркиндигин кепилдесе да, ал ошондой эле бул укукту чектөө үчүн өтө кеңири жана бүдөмүк негиздерди камтыйт. Бул журналисттерди куугунтуктоонун күчөшү менен бирге жалпы маалымат каражаттарында өзүн өзү цензуралоонун кеңири жайылышына алып келди. ЖМКларды каттоону талап кылган, чет элдик менчикти чектеген жана ЖМКларды каттоодон чыгарууга кеңири негиз берген жаңы мыйзамдардан, ошондой эле жакында коомдук телерадиокомпанияны улутташтыруудан медиа плюрализм жабыр тартты. Шайлоо өнөктүгү маалында мамлекет тарабынан каржыланган телерадиокомпаниялар мыйзам чегинде акысыз эфир убактысын бөлүп беришкени менен, алардын жаңылыктары дээрлик процедуралык маселелерге басым жасап, шайлоочулардын шайлоо күнү туура тандоо мүмкүнчүлүгүн чектеген.
Каржылык чектөөлөр, ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүүнү саясый иш катары аныктаган акыркы мыйзамдык түзөтүүлөр менен бирге чет өлкөлүк каржылоосу бар уюмдардын “чет элдик өкүл” катары каттоодон өтүшүн милдеттүү кылуу менен бирге, бул иш-чаралар үчүн жазалануудан коркуу жарандык коомдун коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүгүн бир топ алсыратты. Шайлоо органдары 800гө жакын эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрсө, эки жергиликтүү уюмдан бирден гана байкоочу аккредитацияланган.
"Саясий пикирди билдирүү жөндөмү жана так жана актуалдуу маалыматтын болушу шайлоочулар үчүн шайлоо күнү туура тандоо жасоо үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, натыйжалуу даярдалганына карабастан, кечээки шайлоодо эки элементте тең кемчиликтер болду", - деди ДИАУБдун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Тамаш Месерич. "Кыргызстан алдыга жылышы үчүн талапкерлер үчүн да, шайлоочулар үчүн да инклюзивдүү системаны түзүүнүн үстүндө иштеш керек, бул шайлоочулардын катышуусун жана коомчулуктун ишенимин жогорулатууга жардам берет".
Эл аралык шайлоого байкоо жүргүзүүнү 359 байкоочуну ишке ашырды, алардын 269у ДИАУБ тарабынан жайгаштырылган, узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү байкоочу болсо, 72си ЕККУ ПАдан жана 18и ЕКПАдан.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
Катя Андруш, ДИАУБ: +48 609 522 266 же katya.andrusz@odihr.pl
Анжелика Иванищева, ЕККУ ПА: + 45 60 10 80 30 же anzhelika.ivanishcheva@oscepa.dk
Богдан Торчаториу, ЕКПА: +33 750 39 29 40 же Bogdan.TORCATORIU@coe.int